• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Спорт 0

Бишкек, 10.09.2024 /Кабар/. Париждеги Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын паралимпиада боюнча курама командасын тосуп алуу салтанатында ыйгарды.

Белгилей кетсек, XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өттү. Кыргызстандан мелдешке Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) катышты.

Пикир

Оставить комментарий