• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Париж-2024: Амантур Исмаилов жарым финалга чыга албай калды

Спорт 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Амантур Исмаилов Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында жарым финалга чыга албай калды.

Амантур Исмаилов 67 килограмм салмак ченинде чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен беттешти. Күрөш 7:6 эсебинде жыйынтыкталып, Амантур Исмаилов жеңилүү ызасын тартты.

Буга чейин ал 1/8 финалдагы беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан болчу.

Эгер Насибов финалга чыкса, Исмаилов эртең коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште таймаша алат.

Пикир

Оставить комментарий