• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 13.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти.

Алардын учагы Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышты.

Ийгилик менен кайтып келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасында Сүйүнбек Касмамбетов Париждеги жайкы Олимпиадада Кыргызстандын туусу алты ирет желбирегенин, мунун артында талыкпаган мээнет жана аракет турганын белгиледи.

Өз кезегинде Алтынбек Максүтов XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу ийгиликтүү катышканын, бул мелдеш өлкө үчүн эң көп жетишкендиктерге жетишкен оюн болгонун билдирди.

"Сиздер миллиондогон кыргызстандыктарга Олимпиадага катышуу менен кубанычтуу көз ирмемдерди тартууладыңыздар. Ийгилик жараткан ар бир спортчунун артында жылдап өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн машыктыруучулар штабы турат. Сиздер спортчулардын талантын курчутуп, дагы да эмгектенүүгө үйрөттүңүздөр. Мындан ары да сиздердин жеңиштериңиздерге бирге кубанабыз деп ойлойм, бардыгыңыздарга ийгилик каалайм", - деди министр.

Белгилей кетсек, Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу катышып, сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.

Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль - 2 күмүш, 4 коло утту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңди, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков, 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль жеңди.

206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча Кыргызстан 6 медалы 68-орунга чыкты.

Париждеги Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин өттү.

Париж Олимпиадасынын катышуучуларын унаалардын коштоосунда борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтка алып жөнөштү. Анда Кыргызстанга кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанаттуу иш-чарасы орун алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий