• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президент Садыр Жапаров Францияда Париж саммитине катышты

Президент 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммиттин ишине катышты.

Эл аралык олимпиада комитети жана Франция президентинин канцеляриясы тарабынан уюштурулган иш-чарага 500гө жакын катышуучу: мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спортчулар жана спорттук кыймылдын, ошондой эле финансылык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара Париж-2024 уюштуруу комитетинин климаттык стратегиясына ылайык, ошондой эле келечек муундар алдындагы кеңири милдеттенменин алкагында өлкөлөргө жана спортко кызыкдар тараптарга БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ырастоого мүмкүндүк берет.

Саммит спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана мураска, таасирге жана туруктуулукка басым жасоо менен спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган.

Ири чемпионаттарды жана Олимпиада оюндарын өткөрүү барган сайын саламаттыкты сактоо, тамактануу, билим берүү, инклюзия жана теңдик сыяктуу социалдык аспектилерди эске алып келет. Алар ошондой эле тилектештик, туруктуу инвестиция жана экологиялык маалымдуулук маселелеринде, айрыкча спорттук инфраструктурада жана ири спорттук иш-чаралардын көмүртек изин азайтууга умтулууда негизги ролду ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий