• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Париждеги Олимпиадада Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында балбан Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт.

Жарым финалда кыргызстандык балбан 76 кг чейинки салмак ченинде АКШнын спортчусу Кеннеди Блейдс менен беттешип, 6:8 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Буга чейин Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюанды 4:1эсебинде, чейрек финалда индиялык Худа Ритиканы 1:1 эсебинде уткан.

Эртең Айпери Медет кызы коло үчүн беттешке Каталина Аксенте (Румыния) - Марин Потрилье (Куба) жубунда жеңүүчү болгон спортчу менен күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий