Парламент Конституциялык жана Жогорку соттун төрагаларына сунушталган талапкерлерди колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын кызмат ордуна президент тарабынан сунушталган талапкерлерди колдоого алды.

Конституциялык соттун төрагасы кызмат ордуна Эмиль Өскөнбаев, ал эми Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеевди жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын кызматтан кетүүсүн колдогон. Алар кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арыз жазган.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Карыбек Дүйшеев жана Нургүл Бакированы ээлеген кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.

Пикир

Оставить комментарий