Парламент вице-премьер-министрликке Мадумаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлиги каралып, Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырды.

Мадумаровдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, жаңы дайындала турган вице-премьер чек ара маселесин чечүү, чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча программа, аймактарды өнүктүрүү маселелери менен алектенерин билдирди.

Депутаттар суроо-жооп, талкуудан кийин, добуш берүүгө өтүп, Мадумаровдун талапкерлигин жактырышты – 97 макул, 1 каршы.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Жеңиш Разаков ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий