Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча 2019-жылдын 1-мартында парламенттик угуулар өтөт.
Мыйзам долбоорлору "жашыл" экономикага өтүү боюнча Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңешинин ишинин чегинде иштелип чыккан.
Маалыматка ылайык, Ыссык-Көл көлүнүн акваториясынын жаратылышын жана экологиясын коргоо боюнча иштин көңүл чөгөрөрлүк абалына карата экологдор жана активисттер тарабынан келген кайрылуулардын саны өсүп баратат.
Парламенттик угууда жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышы жана айлана чөйрөнү коргоо тууралуу маселелер талкууланат.
• Ысык-Көлгө жылына 1.5 миллионго чейин туристтер келет, бул деген көлдүн экосистемасына эбегейсиз күч келтирет дегендик.
• Пластик нефтини кайра иштетүүнүн продукциясы болуп саналат жана ал чиригенде коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарат. Чирүү процесси 50 жылдан 500 жылга чейинки убакытты ээлеши мүмкүн. Алынып келинген жана колдонулган полиэтилен баштыктардын жана бутылкалардын көпчүлүк бөлүгү көлдүн жээгинде топтолуп, түбүнө чөгүп калат.
• Ыссык-Көл областынын аймактарында 83 таштанды жайлары жайгашкан, алардын ичинен 24 санкциаланган жана 58 санкциаланган эмес. Таштанды жайларынын жалпы аянты 49,35 га аянтын түзөт.
• Бүгүнкү күндө учурдагы катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруу полигондорунда экологиялык талаптарды бузуу менен эксплуатациялоонун мөөнөттөрү эчак өтүп кеткен.Чоң шаарлардын таштанды жайларынын көпчүлүгүнүн эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрү 15-20 жылга эсептелинген, бирок бул 30 жылдан ашуун мөөнөткө создуктурулган.
• Ыссык-Көл областынын аймагында (дегеле республика боюнча алганда) катуу турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод жок.
• Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча КТКдын жылдык көлөмү 94 000 ашуун куб метрди түзүп жатканда мунун ичинен пластиктин үлүшү 30 дан 50 пайызга чейинки көлөмгө жетиши мүмкүн.
• Ар жыл сайын волонтерлор өз күчтөрү менен көл түбүнөн жана жээктерден тонналаган пластиктерди жыйнашат.
• Ыссык - Көлдүн фаунасы үчүн эң чоң коркунучту микропластиктер жаратат.
• Азыркы учурда көлдө жашаган эндемикалык балыктардын бир канча түрлөрү жана жерде-сууда жашоочулардын жок болуп кетүү тобокелчилиги бар.
• Мыйзам долбоору 2018-жылдын 2- августунда коомдук талкуулар үчүн Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.
Пикир
Оставить комментарий