• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Парламентте билим берүү чөйрөсүндөгү маселелер каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү маселелер каралды.

Парламенттен билдиришкендей, талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Бишкекте калктын саны өсүп жатканы тууралуу сөз кылып, борбор калаага жаңы мектептерди куруу керектигин белгиледи. Эл өкүлү бир класста окуучулардын саны 40-50дөн ашып жатканын жүйө келтирди.

Ал эми депутат Акылбек Түмөнбаев муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акыларын республикалык бюджеттен каржылоо демилгесин колдоп берүүнү өтүндү.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы бир катар социалдык объектилердин курулушун бүткөрүү керектигин айтты. Депутат Кундузбек Сулайманов жаңы мектептерди материалдык-техникалык жактан да жабдуу керектигине көңүл бурду.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова жооптуу органдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды адистештирилген балдар мекемелерине жайгаштыруудагы коррупцияга көңүл бурууну талап кылды.

Депутат Камила Талиева бир катар мектептердин гимназия макамын жоюу тууралуу чечимдин максатка ылайыктуулугуна көңүл буруп, бул билим берүүнүн сапатынын төмөндөшүнө, мугалимдердин жеке менчик мектептерге кетишине алып келгенин баса белгиледи. Муну менен катар Кыргыз билим берүү академиясынын потенциалын күчөтүү керектигин айтып, бул мекеменин башкы максаты билим берүү системасында пландалып жаткан реформаларга анализ жүргүзүү экенин кошумчалады.

Депутат Аида Исатбек кызы №69 мектептен 40 мугалим иштен алынган чечимди сынга алды.

Пикир

Оставить комментарий