• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Парламентте Жалал-Абадда эл аралык финансылык борбор түзүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына)", «Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Демилгечилер - Жогорку Кеңештин депутаттары М. Абдалиев, Ташиев Ш.К., Талиева К.А., Сулайманов К.К., Маматалиев М.А., Мажитова Ш.М., Козуев А.А., Култаева Г.О., Садырбаева Ж.Э., Ажибаев Ч.И., Зулпуев С.М., Мураталиев М.М., Ормонов У.З., Темирбаева М.О., Таалайбек кызы Жылдыз, Султанбекова Ч.А., Сарыбашов Т.Н., Тентишев Б.Э., Сыдыков М.Ж., Түлөбаев Б.З., Масабиров Т.А., Кадырбеков Н.К., Исираилов А.А., Икрамов Т.И., Түмөнбаев А.Т., Нурбаев Ж.П., Эргешов Б.А., Кубанычбеков И.К.

Мыйзам долбоорлорун демилгечилердин бири, депутат Мейкинбек Абдалиев тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты - Кыргыз Республикасын жана Жалал-Абад шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде керектөөчүлөргө багытталган инвестицияларды тартуу, финансылык, эл аралык сооданы жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий