• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Партиялардын тизмесинде биринчи орундарды сатуу системасын жокко чыгардык — президент

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Биз партиялардын тизмесинде биринчи орундарды сатуу системасын жокко чыгардык. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

“Эл 2020-жылдын октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок жана бийлик алмашуу болду. Бул окуялар социалдык-экономикалык стабилдүүлүктүн бузулушуна алып келди. Ошондуктан, биз өлкөдөгү биримдикти сактоо үчүн өзгөчө чечимдерге бардык. Жогорку Кеңештин ишин узартууга туура келди, жаңы өкмөт түзүлдү. Биз кыска убакыттын ичинде өлкөдөгү кырдаалды турукташтыра алдык”, - деди өлкө президенти.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөдө президенттик шайлоо жана Конституция боюнча референдум ийгиликтүү өттү. Референдумда эл башкаруунун президенттик формасын, ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясын тандады, анда парламенттин депутаттарынын санын кыскартуу жактырылды. Өлкөдө бир катар мыйзамдар кабыл алынып, Жокорку Кеңешке шайлоонун аралаш системасы киргизилди.

“Эми парламентке эл ишенич арткан депутаттар келет. Биз партиялардагы биринчи орундарды сатуу бизнесин реформаладык. Буга чейин партия лидерлери тизмедеги биринчи орундарды 100 миң долларга сатып келишкен, бул бүтүндөй партиялык системага жана жалпы парламентке зыян алып келген”, - деди өлкө башчысы.

Жапаров азыр партиялык коррупция болбойт тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий