• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы өзгөртүлөт - Разаков

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы кайра өзгөртүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, алгач патрулдук милицияга тиешеси жок функциялар алынып салынат. Алар бир гана жолдо жүрүүнүн коопсуздугун сактоо боюнча иш алып барышат.

“Экинчиден аларга жол кырсыктарынын кесепеттеринин себебин анализдөө функциясы жүктөлөт. Бул кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт. Үчүнчүдөн кызматкерлерди жумушка алып жатканда ачык сынак өткөрүлөт. Төртүнчүдөн, кызматкерлерди даярдоо жана кайрадан даярдоо программаларын ишке киргизүү. Бул ченемдер профессионал кызматкерлерди даярдап чыгууга өз таасирин тийгизет. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер жалпы базага кирүүгө мүкмкүндүк берген планшеттер менен жабдылат”,-деп билдирди.

Ошондой эле, Разаков мурда Патрулдук милиция башкы башкармалыгы кызматкерлердин “102” чалууларына ыкчам реакция кылуу максатында түзүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий