Педагогикалык багытта билим берген колледждердин көчмө коллегиясынын жыйыны өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Педагогикалык багытта билим берген колледждердин көчмө коллегиясынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндө педагогикалык адистиктердин өнүктүрүүсү боюнча жыйын бүгүн Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде өтүп жатат.

Жыйындын катышуучулары педагогикалык багытта билим берген колледжердин директорлорунун колледждин өнүгүү стратегиялары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү боюнча жасаган баяндамаларын угуп, талкуулоодо.

Коллегиянын жыйынына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, КР президентинин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн эксперти Медербек Өмүрбеков, министрликке караштуу мекемелердин жетекчилери жана педагогикалык багыттагы колледждердин директорлору катышууда.

Пикир

Оставить комментарий