• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Пекинде Кыргызстан менен Кытайдын транспорт министрлери кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын транспорт министри Ли Сяопэн менен жолукту.

Ведостводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумдун алкагында өттү.

Эки тараптуу жолугушууда министр Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле министр 2023-жылы жана үстүбүздөгү жылдын 8 айында өз ара транспорттук агымдардын олуттуу өсүшүн белгилеп, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү жана транспорт жаатында биргелешкен ири демилгелерди ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

"Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмү болуп көрбөгөндөй өскөндүгүнө байланыштуу жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу үчүн 2024-жылга "С" категориясындагы уруксат бланктарын кошумча алмашуу жана 2025-жылга "С" категориясындагы уруксат бланктарынын квотасын көбөйтүү абзел",- деди Сыргабаев.

Мындан тышкары, Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорт жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай достук көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий