• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Пензага жакын трассадагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Пензага (Россия) жакын жерде трассада болгон кырсыкта эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-февралда болгон, эки кыргызстандык каза болуп, Россиянын бир жараны оор жаракат алган.

"Азыркы учурда каза болгон мекендештердин сөөктөрү андан ары жерге берүүгө Кыргызстанга жеткирилген. Ал эми жаракат алган Россиянын жараны ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий