• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Песков Кыргызстандагы аскерлерди которуу мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп берген жок

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик чек арасына россиялык аскерлерди көчүрүү мүмкүндүгүн талкуулашкандыгы тууралуу суроого жооп берген жок.

“Мен буга түшүндүмө бербейм”, - деди Песков, журналисттердин Путин кыргыз кесиптеши менен РФ аскер контингентин Баткен облусуна кыргыз-тажик чек арасына көчүрүү жана аны Канттагы базанын ордуна күчтөндүрүү тууралуу талкуулашкандыгы тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

Кыргызстандын аймагында бириккен россиялык аскер базасы бар. Анын курамына төрт объект кирет: Кантагы ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу Жамааттык күчтөр аэродрому, Ысык-Көлдөгү сыноочу аскер-деңиз базасы, Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы автономдук сейсмикалык пункт.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык бириккен аскер базасынын статусун 2012-жылдагы 2017-жылдын январынын этегинде күчүнө кирген макулдашуу аныктайт. Жер тилкелерин жана суу объекттеринин акваториясынын ижарасы үчүн Россия жылына 4,5 миллион доллар төлөйт. Кыргызстанда россиялык аскерлердин болушу тууралуу келишим алдыдагы 15 жылга иштеп, андан соң эгерде тараптар келишимди бузуу ниетин билдиришбесе, автоматтык түрдө ар бир 5 жыл сайын узартылып турат.

Канттагы Россиялык авиабаза Кыргызстанда 2003-жылы октябрда ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу Жамааттык күчтөрүнүн компоненти катары ачылган. Анын башкы милдеттери ЖККУнун жердеги операцияларын абадан коргоп туруу болуп саналат. Учкучтар тоолуу аймактарда тапшырмаларды аткарууга даярдалган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий