• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Петер Сийярто: Венгриялык компаниялар Кыргызстандын рыногуна чыга баштады

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Венгриянын айыл чарба, медицина жана тамак-аш өнөр жай тармагындагы компаниялары Кыргызстандын рыногуна чыга баштады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин талкуулоого мүмкүнчүлүк болду.

"Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмүнүн рекордун жаңыртканына кубанычтабыз. Быйыл соода көлөмү эки эсеге көбөйгөнүн көрүп жатабыз.Учурда венгриялык айыл чарба, медицина жана тамак-аш өнөр жай тармагындагы компаниялар Кыргызстандын рыногу чыгууда. Биздин жалпы өнүктүрүү фондубуз иштеп баштаганына жана айыл чарба жана машина куруу тармагындагы биргелешкен кыргыз-венгер корпоративдик долбоорлорун каржылаганына кубанычтабыз. Ошондой эле Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган Кыргызстандын студенттери аркылуу элдердин ортосундагы мамиле түзүлүп жатканы бизди кубандырат. Биз жылына 200 стипендия сунуштайбыз. Өткөн жылы кыргызстандык студенттерден 630 арыз түшкөн, бул ийгиликтүү программа экенин ачык көрсөтүп турат", - деди Сийярто.

Пикир

Оставить комментарий