• 87
  • 90.43
  • 0.88

Петербургда кыргызстандык октон жаракат алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Санк-Петербург шаарынын борборундагы кыргызстандык мигранттын жана калаа тургунунун ортосундагы пикир келишпестик ок атуу менен аяктады, деп жазат Невские новости порталы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-апрелде күндүз Невский проспектисинде жайгашкан 174-үйдүн жанынан сол жамбашынан октон жаракат алган 27 жаштагы Кыргызстандын жаранын тез жардам кызматы алып кеткен.

Ошол эле күнү кечинде милицияга 42 жаштагы Петербург шаарынын тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, анын жана эки эркек кишинин отосунда жаңжал чыккан. Бирөөсү аны бычак менен коркуткан. Ошондон соң ал аны травматикалык тапанча менен атууну чечкен.

Арыз ээсинен курал алынды. Азыркы убакта кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе каралып жатат. Иштин чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий