• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Петербургдагы жардырууга КРда туулган адамдын катыштыгы тууралуу россиялык ЖМКлар көтөргөн чуу бүт республика көлөкө түшүрөт – И.Шестаков

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Санкт-Петербург метрополитениндеги жардырууга КРда туулган адамдын катыштыгы тууралуу россиялык ЖМКлар көтөргөн чуу бүт республика көлөкө түшүрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Анын айтымында, бир адам үчүн, анын терактка катыштыгы болсо да, көп жылдык кыргыз-россия стратегиялык мамилелерине шек келтирбөө керек.

“Анын үстүнө Кыргызстан жана Россия коопсуздук маселелери боюнча да кызматташат. Биздин аймагыбызда ЖККУ аскер базасы бар”, - деди И.Шестаков.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кочкорбай Кутунаев атамекендик ЖМКларга бул окуядан кийин укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жана башка мигранттардын документтерин текшерүү күчөгөндүгүн билдирген.

“Метро, көчөлөрдө, адам жык топтолгон жайларда текшерүү көбөйдү”, - деген К.Кутунаевдин сөзүн жарыялашкан ЖМКлар.

Игорь Шестаков мындай аракеттерге коопсуздукту камсыздоо маселелери себеп болушу мүмкүн деп эсептейт.

“Метродо жана башка адамдар көп чогулган жерлерде гана жарандарыбызды текшерип жатат деп ойлобойм. Жалпы кабыл алынган коопсуздук чаралары бар, аларга түшүнүү менен мамиле кылуу керек. Бир жагынан алганда, ЖМКлар чыгарган окуя коомдук пикирге зор таасир берет”, - деп кошумчалады ал.

Саясат таануучу жакында эле кыргызстандык мигрант метродо адам өмүрүн сактап калып баатыр болгонун эске салды.

“Бул Марат Исаев болду. Ал өз өмүрүн тобокелге салып, баатырдык кылды. Биздин мындай жарандарыбыз тууралуу көп жазгандарын каалайт элек”, - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Игорь Шестаков терроризмдин улуту же жарандыгы жок экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо «Сенная площадь» и «Технологический институт-2» станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. «Площадь Восстания» экинчи жардыруунун алдын алууга мүмкүн болду. Себеби колго жасалган бомбаны убагында табып калышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруунун натыйжасында 14 адам курман болуп, 49у жаракат алган.

Теракты жасагандыгы үчүн 1995-жылы Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Акбаржон Жалилов шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий