Эмилбек УЗАКБАЕВ, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси: “Өзбекстан менен мамилелер жанданып, жакшы жөрөлгөлөр башталды”
- Бишкекте кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-отурумунда чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюлду. Анын мааниси канчалык?
- Эки мамлекеттин ортосунда өкмөт башчылардын деңгээлинде жолугушуу болгону албетте, жакшы көрүнүш. Ал эми кошуна эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тилкелери боюнча маселелер көп жылдардан бери келе жаткан көйгөйлөрдөн эмеспи. Быйыл же былтыр эле чыга калган иш эмес, көптөгөн жылдардан бери такталып келе жаткан иштерден. Мындай маселелердин баарын чечиш үчүн саясый эрк керек. Баары тең эле өкмөттүн деңгээлинде чечилбейт. Эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде чечилет. Себеби, бир жерди алсак, бир жерди бериш керек дегендей. Өзбекстандын Кыргызстандын ичиндеги Сох баштаган анклавдары бар. Мындан тышкары Өзбекстан бүгүн колдонуп жаткан суу маселелери да эки мамлекеттин ортосунда чоң маселелерден. Ушуга окшогон маселелердин баардыгын биргеликте чечиш керек.
- Жакында президентибиз Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий визит менен бараары кабарланды. Бул деле жакшы жөрөлгө эмеспи?
- Расмий визит менен Өзбекстанга барып келсе албетте, жакшы болот. Анткени, эки мамлекеттин ортосунда канча жылдан бери мамлекет жетекчилердин деңгээлинде тыныгуу орун алып калды эле. Геосаясатта чоң-чоң кошуналар Россия, Казакстан баштаган мамлекеттер эртеңки боло турган саясый кырдаалга да чоң таасирин тийгизет эмеспи. Кыскача айтканда, биздин президент Өзбекстанга барып келсе жакшы гана болот. Биз баардык маселелерди эки тараптуу сүйлөшүү, дипломатиянын жолунда чечип, кошуналарыбыз менен ынтымакта, жакшы жашашыбыз керек.
- Жергебизге иш сапары менен келген өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов болуп өткөн сүйлөшүүлөр тараптарды канааттандырганын, Кыргыз мамлекети менен бардык тармак боюнча кызматташууга даяр экендиктерин белгилеп өттү. Муну менен эки тараптуу жолугушуулар жемиштүү болгонун белгилесек болобу?
- Бул албетте, жакшы жөрөлгө, эки тараптуу мамилелердин жанданып, сүйлөшүүлөрдүн башталышы катары бааласак болот. Ал эми конкреттүү маселелерге келгенде айрым татаал маселелер бар. Андай татаал маселелерге келгенде президенттердин деңгээлинде жолугушуу болуп, чечилиши абзел. Анан калса Өзбекстандын өкмөтү структурасы боюнча тышкы саясатка көбүрөөк аралаша бербейт. Жаңы структурасы боюнча эле аралашып кетпесе. Эсиңерде болсо, КМШ, ЕврАзЭС баштаган мындай маселелерде көбүнчө Өзбекстандын 1-вице-премьер-министри катышып жүрбөдүбү. Конституция боюнча дагы премьердин деңгээлинде мындай маселелер көбүнчө чечилбейт. Президенттердин деңгээлинде гана чечилет.
Пикир
Оставить комментарий