• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Питерде чарчап калган тажикстандык наристенин ата-энеси Европа сотуна кайрылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 16.08.17 /Кабар/. Петербургдун полиция бөлүмүндө чарчап калган беш айлык Умарали Назаровдун ата-энеси Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга даярданып жатат. Бул тууралуу адвокат Ольга Цейтлина билдирди. Күн мурун Санкт-Петербург соту баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тергөө бөлүмүнүн чечимин «мыйзамдуу» деп тапкан.

2015-жылы 13-октябрда Питердеги ооруканалардын биринде тажикстандык мигранттардын беш айлык ымыркайы Умарали Назаров белгисиз жагдайда чарчап калган. Анын алдында полиция кызматкерлери каттоосу узартылган эмес деген негизде энеси Зарина Юнусовадан баланы күч менен алып койгон болчу. Орусиянын бийлиги бала ооруканада дем ала албай каза болгонун маалымдашкан. Ата-энеси бала кармалганга чейин куландан соо болгонун бекемдешүүдө.

Адвокат Ольга Цейтлина Зарина Юнусованын баласын полициячылар мыйзамды бузуу менен тартып алышкан деп эсептөөдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий