Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Подмосковьенин Батыш кичи районунда Кыргызстандан барган үй-бүлөнүн баласы көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшкөн. Бул тууралуу россиялык ММКлар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бала оор абалда ооруканага жеткирилген.
Ошол эле үйдүн жанындагы үйдүн 8-кабатынан Афганистандан келген жарандардын баласы кулап, көз жумган.
Аталган факты боюнча РФнын Тергөө комитети сотко чейинки иликтөөлөрдү баштады.
Пикир
Оставить комментарий