Польшадагы рейтингдик турнир. Бүгүн килем үстүнө Жоламан, Амантур, Раззак чыгат

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышууда.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүүдө.

Бүгүн килем үстүнө балбандар Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Белгилей кетсек, күн мурун мелдештердин биринчи күнүндө килем үстүнө балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков чыгып, Махмудов алтын медаль утса, Жусупбеков коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий