Poland Open. Калмира Билимбек кызы күмүш медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик турнирдин күмүш байгесине татыды.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

59 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен.

Ал эми финалда Билимбек кызы германиялык атаандашына 7:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов жана Айсулуу Тыныбекова алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий