Poland Open. Кыргызстандык эки балбан финалда кез келди

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирдин финалына чыккан.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

Амантур Исмаилов финалга чейин алгач сербия, андан кийин украиналык жана польшалык балбандарды жеңген.

Ал эми Раззак Бейшекеев биринчи раундда польшалык, кийин алжирлик спортчуну артка калтырган.

Ошентип, финалдык беттеште кыргыз балбандары күрөшпөстөн, Бейшекеев жеңишти Исмаиловго ыйгарды.

Пикир

Оставить комментарий