• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Прага шаарында биринчи чех-кыргыз бизнес форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Чехиянын Соода-өнөр жай палаталары Прага шаарында биринчи чех-кыргыз бизнес форумун уюштурду.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, бизнес форум Кыргызстандын Чехиядагы Ардактуу консулдугунун көмөгүнүн аркасында уюштурулуп, бизнес эки өлкөнүн 30га жакын компанияларын бириктирди.

Форум тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Иш-чара чех ишкерлеринин Борбор Азиядагы жаңы рынокторду өнүктүрүүгө болгон умтулуусун баса белгилеген “Кыргызстан – Чехия үчүн жаңы бизнес аймагы” деген ураан астында өттү.

Эки палатанын негизги максаты чехиялык жана кыргыз компанияларынын ортосунда эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берүүчү узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий