Премьер: Мамлекет инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык талаптардын сакталышын өзгөчө көзөмөлдөйт

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты ккамсзыдоо бөлүмү билдирет.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 702 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт. Жылына төлөөчү салыктын көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

Кубаттуулугу: жылына 1 миллион тонна руда иштет. Учурда алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши жүрүп жатат. Ал ишке берилген соң алтын жана күмүш куймасы чыгарылат.

Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү: мышьягы бар кенди кайра иштетет.

Муну менен катар ишкананын калдык сактоочу жайын куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.

Премьер-министр мамлекет жана Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаратылышка аяр мамиле кылууну, бардык экологиялык талаптарды сактоону өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

«Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек. Тагыраак айтканда, бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөл боюнча элге маалымат берип туруу шарт. Бул жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Маалымдама: «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 %, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 75% үлүшү бар.

Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий