• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Премьер “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун” жетекчисин мактады

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кезектеги жыйынында аймактарда үйлөрдү камсыздандыруу тармагында аткарган иштери үчүн “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун” жетекчиси Жумагүл Эгамбердиеваны мактады.

Анын айтымында, аймактарда жарандар арасында турак жайды камсыздандыруу маалыматы активдүү жайылып жатат. “Жаңы жетекчинин келиши менен иш алдыга жылып баштады. Буга чейин, жергиликтүү бийлик органдары менен иш жүргүзүлгөн эмес, эми иш жүрүп жатканы көрүнүп турат”,-деди премьер-министр.

Жээнбеков жаңы жетекчини аткарып жаткан иштери үчүн мактап, ушул багытта кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий