• 87
  • 90.41
  • 0.84

Премьер-министр экономика министрлигине бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйынында экономика министрлигине бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү тездетүүнү тапшырды.

Абылгазиев эл арасында бул институт кереги жоктугу жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты.

“Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү тездетишибиз керек экендигин белгилеп өткүм келет. Бизнес-акыйкатчынын институту жөн эле түзүлбөй, натыйжалуу иш алып барышы керек. Бул институт ишкердиктин, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт. Экономика министрлиги аны түзүүнү тездетиши керек”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий