• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Премьер-министр: “Коопсуз шаардын” камералары орнотулган көчөлөрдө жол кырсыгы азайды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. 2019-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык жабдыктар бар жерде жол кырсыгынын саны азайган. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү алдындагы Коррупцияга каршы кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, биринчи этаптын алкагында 800 камера орнотулган. Ал камералар адамдын өздүгүн да аныктай алат.

“Кесилиштерде орнотулган камералардын ишинин жыйынтыгында жол кырсыгы мурдагыга салыштырмалуу 47%га төмөндөгөн. 2019-жылы 43 жол кырсыгы катталса, 2018-жыл бул көрсөткүч 108ди түзгөн. Чүй облусу боюнча да көрсөткүчтөр ушундай. Жол кырсыгы жана жаракат алгандардын саны 50%га азайды”, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жол кырсыгын гана эмес, коррупцияны да азайтууда.

Учурда өкмөт долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө. Ал өзүнө республикалык масштабдагы эки шаарды, 15 район жана 73 конушту камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий