• 87
  • 90.41
  • 0.84

Премьер-министр Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы дамбаларды реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0


Бишкек, 2-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак айылдык аймагындагы № 12 дамбанын реконструкциялоонун жүрүшү жана Сузак районундагы Благовещенск айылындагы № 4 дамбанын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аймактагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө жана жээктерди бекемдөө иштеринин жүрүшү тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев маалымат берди.

Ал маалымдагандай, Сузак айылдык аймагында 2017-жылдын 18-23-апрелде жааган жаандын жыйынтыгында жалпы 1700метрлик дамбанын 152метрин жууп кеткен. Благовещенск айылында дагы тынбай жааган жаандын кесепетинен 6900метр дамбанын 360метрин жууп кеткен. Равшанбек Рысбаев бүгүнкү күндө жээктерди керектүү жабдуулар менен тосуу иштери толук жүрүп жатканын, ал үчүн бардык керектүү каражаттар жана техникалар жетиштүү экенин баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүү курулуш материалдар менен убагында камсыз кылып турууну тапшырды.

«Жээктерди бекемдөө иштерин алдын ала, жай айларында жүргүзүү керек. Ошондой эле адистерден аба-ырайы тууралуу маалыматтарды алып, элге убагында жеткирүү иштерин жүргүзүү зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков. Премьер-министр дагы бир жолу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө калкты аймактардагы өзгөчө кырдаалдардан коргоо иштерин жеке жоопкерчилигине алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий