Президент 2026-жылга чейин энергетикалык таңкыстыктан чыгуу тапшырмасын койду – Ибраев

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин энергетикалык таңкыстыктан чыгуу тапшырмасын койду, - деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусунун жетекчилери менен жолугушуу учурунда.

Ал белгилегендей, энергетикага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

“Президент Садыр Жапаров бизге 2026-жылга чейин энергетикалык таңкыстыктан чыгуу тапшырмасын койгон. Ал үчүн биз күн, шамал электр станцияларын куруп, генерацияны көбөйтүшүбүз керек. Бирок аны куруу үчүн инвесторго биринчи кезекте ыңгайлуу жер маселесин чечип берүүбүз шарт. Башка региондорго салыштырмалуу энергетика тармагы боюнча Ысык-Көл облусуна көп инвестиция тартылып жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Энергетика министрлиги бир катар инвесторлор менен кызматташуу үчүн меморандумга, келишимдерге кол койгон. Эми долбоорду ишке ашыруу үчүн биз шарт түзүп берели. Бул бир гана Энергетика министри аркылуу эмес, сиздер менен биргеликте чечилчү маселе. Андыктан энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн биргеликте ыкчам иш алып баралы" - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий