• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

Президент 0

Бишкек, 06.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Россиядп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий