Президент А.Атамбаев июнда мамлекеттик сапары менен Россияга барат

Саясат 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапары менен Москвага барат.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, иш сапар июнда болот. Мамлекеттик иш сапарга даярдыктар башталды.

Эскерте кетсек, кечээ Москвада Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Россиянын Тышкы иштер министри С.Лавров менен жолугуп, тараптар бул маселени дагы талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий