• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Президент А.Атамбаев көп балалуу энелерди орден жана медалдар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыктардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1618 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 551 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

Жарлык кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий