• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент адам укуктары жаатындагы протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 25-октябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү болуп саналат.

Протокол Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө жобону жана 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясын кабыл алуу жана күчүнө кирүү тартибин чектейт.

Бул өзгөртүүлөр Конвенциянын катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекеттер да катыша ала тургандыгынын эсебинен түзүлүүчү комиссиянын субъекттик курамын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий