Баткенге жардам. Президент администрациясынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которот

Коом 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин администрациясынын кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу конфликттен жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которот.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринин эмгек жамааттары Баткен облусундагы чек арадагы окуяга байланыштуу өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын материалдык жардам катары которууда.

Мындан тышкары, башка мамлекеттик органдар да бир күндүк маянасын которууда.

Бир күндүк эмгек акысын которууну каалаган мамлекеттик органдардын тизмеси толукталууда.

Пикир

Оставить комментарий