• 87
  • 90.63
  • 0.79

Президент айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган.

Мыйзамга ылайык саясий репрессиянын белгилери болуп 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актыларынан келип чыккан мазмунга жана маңызга жараша кылмыш-жаза жана/же администрациялык тартипте колдонуудагы негиздемелер боюнча бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдери саналат.

Ушуну менен бирге мыйзамга ылайык Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн кылмыш иштеринин материалдарында жоопко тартуунун негиздүүлүгүн ырастаган далилдери бар адамдар акталууга жатпай тургандыгын белгилөө зарыл.

Пикир

Оставить комментарий