• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “КР Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам инвестициялык климатты жакшыртуу жана Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен Жогорку технологиялар паркына мөөнөтсүз режим (Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата КР мыйзамдарына ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилеген, Жогорку технологиялар паркынын ишинин түрлөрүн алар тарабынан жүзөгө ашыруу шартында Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата колдонулуучу атайын укуктуу, салык режими) киргизүү каралган.

Мындан тышкары, КР мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумушка, ошондой эле бир жолку жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынган кызматкерлердин пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө мыйзам менен Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мөөнөтсүз бошотулууда.

Пикир

Оставить комментарий