• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент “Аккула” ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салды

Президент 0


Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектин батыш тарабында жайгашкан “Аккула” ат майданынын жаңы курула турган имаратын түптөө үчүн “мезгил кутусун” салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жаңы ат майдан курула турган жерде чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, Садыр Жапаров жакшынакай саамалыкта - күн менен түн теңелип, жандануунун башаты болгон Нооруз майрамында бардыгы менен жүз көрүшүп жатканына кубанычта экенин билдирди.

Ал ушул жерде ат чабыш, жорго салыш, көк бөрү, кыз куумай өңдүү ат оюндары өткөрүлө турганын баса белгиледи. Ат майдан бир эле ат оюндарын өткөрүүчү жай эмес, улуттук наркыбыздын, салтыбыздын ажырагыс бир бөлүгүнүн, бабалардан калган улуу мурасынын символу экенин эч ким тана албас.

Президент белгилегендей, бул жер атка кызыккандардын башы биригип, ат жалы менен тең өскөн бабалардын демин сезүүнү, аны менен духун, рухун байытууну эңсегендердин ордосу болот.

Мамлекет башчысы төрт аягы тыбырап, туйлап турган тулпарларга, дубанда жок күлүктөргө, суу төгүлгүс жорголорго бир эле кыргыз жарандарын эмес, чет элдиктерди да айран таң калтырып, кызыгуусун арттырган заманбап маданий-спорттук жай болоруна ишенээрин айтты.

Ошондо, Садыр Жапаров баса белгилегендей, ат майданыбыз спорттук иш-чаралардын борбору гана болбостон, атуулдарыбыздын демине дем, күчүнө күч кошо турган жайга айланат. Ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, ал эми башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделүүдө. Мурдагы ат майдан 3 миңдей кишини гана сыйдыра алчу, анын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Президент жаңы ипподром борбор шаардын батыш тарабында жайгашканын, масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө шаар тургундарына эч кандай тоскоолдуктар, ыңгайсыздыктар жаралбай турганын айта кетти. Ипподром борбор шаарыбыздын тургундарынын күнүмдүк тиричилигине терс таасирин тийгизбегендей болушу маанилүү.

Садыр Жапаров ат майданын куруу пландарына токтолуп, күлүктөрдү 1600 метрге жана 2000 метрге чабуунун схемалары да чийилгенин белгиледи. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай - ат майданынын имараты көп функционалдуу болот. Анын ичинде соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан эске алынган, кыскасы комплекстин жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Ат оюндарына келүүчүлөрдүн коопсуздугу да эске алынган.

Мындан башка ал долбоордун алкагында көмөкчү жана чарбалык имараттар: сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка ушул сыяктуу жайлар да салына турганын кошумчалады. Албетте, мунун баары өлкөбүздүн ат спортунун күйөрмандары менен меймандарынын көңүлдүү эс алуусу үчүн жасалууда.

Мамлекет башчысы бул долбоорду түзүүгө салым кошкон, ишке ашырууга белсенген жактардын баарына терең ыраазычылык билдирди.

Аягында Садыр Жапаров Айкөл Манас атабыз минген Аккуланын ысымындагы бул атмайдан ат спортуна болгон шыктануунун, ийгиликтердин жайына айлансын, ушул жерден кыргыз ат спорту кулачын жайсын, деген каалоо-тилектерин айтты.

Андан соң президент Садыр Жапаров Ноорузга карата көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалдык оюндарын көрүп отурду.

Пикир

Оставить комментарий