• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Д.Туск менен жолукту

Президент 0

Брюссель, 16-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолукту.

Жолугушуу Кыргызстандын башчысынын Бельгия жана Германияга жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Мындан мурда А.Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Фредерика Могерини менен жолуккан.

Жолугушууга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Президенттин аппаратынын тышкы саясий бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси, КРнын Брюссель шаарындагы европа коомчулугунун комиссиясындагы туруктуу өкүлү Асеин Исаев жана Президенттин кеңешчиси Калыкбек Султановдор катышты.

Пикир

Оставить комментарий