Президент Араван районундагы жашылча-жемиш өстүрүүчү фермердик чарбанын ишмердиги менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун Араван районундагы фермердик чарбага барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Чарбанын жетекчиси Акбарали Холбеков жумуш менен 26 адам камсыз болуп, чарбанын аянты 2.1 гектарды түзөөрүн маалымдады.

Ар түрдүү жашылча-жемиш өсүмдүктөрү, анын ичинде анжир, капуста, курма, картошка, коон, сабиз, пияз ж. б. өстүрүлөт.

Мамлекет башчысы фермер менен биргеликте отургузулган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көрүп чыгып, аны менен жер иштетүүдөгү ийгиликтин сырлары жөнүндө баарлашты.

Акбарали Холбеков дыйканчылык менен алектенген ар бир фермер үчүн жер алтындан да кымбат экенин белгилеп өттү.

«Кыргызстан Сиздей эмгекчил адамдар менен бай жана күчтүү», — деп айтты Президент жана элеттик ишкердин жасаган эмгеги, жашоого болгон энергиясы жана позитивдүү маанайы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий