• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Президент Аскар Акаевдин айланасындагы маселе боюнча комментарий берди

Президент 0

Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусун калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү кат менен кайрылганы маалым болду. Ал арада коомчулук бул маселени катуу талкууга алып, ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан "Кабар" агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо узатып, пикирин укту.

— Саламатсызбы, мурдагы президент Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылганы маалым болду. Бул маалымат учурда кызуу талкууланууда. Аталган маселе боюнча Аскар Акаев сиз менен макулдашып, же кеңешти беле?

Мен Аскар Акаевди “Кумтөр” боюнча суракка келгенде эки жолу көрдүм. Андан кийин Дубайда мурдагы президенттерди чогултканда үчүнчү жолу көрүштүм. Андан бери көрүшкөн да, сүйлөшкөн да жокмун. Бул маселе боюнча кеңешкен эмеспиз.

Негизи ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу.

Аны бирөө жарым менен кеңешип олтуруштун же менин макулдугумду алыштын кереги жок. Өз укугунан пайдаланып арыз берди деп билдим.

Жогорку Кеңеш экс-президент макамын калыбына келтириши керекпи? Сиздин көз караш кандай бул маселеде?

Ал Жогорку Кеңештин өзүнүн иши. Экс макамын береби жокпу ал Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу.

Экс макамын алыш дагы, экс макамын бериш дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албаймын.

Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети.

Эгерде өлкөбүздүн парламенти Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтарып берсе, анда Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев да бизге да экс-президент макамын кайтаргыла десе кандай болуп калат?

Эми менин пикирим боюнча Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турат.

Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес.

Албетте Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек.

Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм.

Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да.

Акыркы суроо, Аскар Акаевге кокус Жогорку Кеңеш суранган макамын кайтарып берсе бул мамлекеттик бюджетке кошумча чыгымдарды алып келбейби? Турак жай, күзөт, пенсия жана башка нерселер кепилденет эмеспи.

Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт.

Аскар Акаев 80 жашка чыкты. Өсөрү калган жок, өлөрү калды дейт эмеспи. Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн эркин жүрбөйбү.

Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн рахмат.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий