Президент аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар!
Куралдуу күчтөрдүн ардактуу ардагерлери!

Мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиги катары Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү – өлкөбүздөгү ар бир аскер кызматчысы үчүн өзгөчө майрам!

Ошондуктан сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

1992-жылы улуттук армияны түзүү чечимин кабыл алуу менен эгемен Кыргызстанды коргоо боюнча жаңы институт пайда болуп, ага республиканын аскердик коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн.

Биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн күжүрмөн жетилгендигинин олуттуу сыноосу 1999-2000-жылдардагы эл аралык террористтердин согушкерлери Мекенибизге бастырып кирген Баткен окуялары болду. Ошол жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү каршы күрөшүп жаткан эл аралык терроризмге биринчилерден болуп биздин өлкө дуушар болгон. Баткен окуясындагы терроризмге каршы туруудагы тажрыйбабыз биздин өлкөнүн дүйнөлүк антитеррордук коалициянын ишмердигине чоң салым болуп калды. Өлкөбүздө болгон окуяларда Кыргызстандын аскер кызматчылары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жасалган ар кандай аракеттерди жана кол салууларды толугу менен жок кылууга даяр экенин көрсөттү.

Бүгүнкү күндө биз Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз армиясын заманбап курал-жарактуу, жогорку мобилдүү, кыска аралыктын ичинде минималдуу чыгым менен сырткы жана ички аскердик коопсуздукту чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар, аскер түзүмдөрүнүн арасында биримдикти жана ыкчам аракеттенүүнү бийик деңгээлде уюштуруу аракетин көрүп келебиз.

Ошону менен бирге, мамлекеттин маанилүү жана артыкчылыктуу милдети аскер кызматчыларын социалдык жактан толук камсыздоо болуп саналат. Кыргыз мамлекетинин аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-шарттарын жакшыртуу, аскердик шаарчаларды заманбап инфратүзүм менен камсыз кылуу керектигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ошондой эле, жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун жана коомдун ичинде алардын кадыр-баркын көтөрүүбүз зарыл.

Албетте, мунун баары бюджеттик каржынын өсүшүнө алып келет. Бирок биз өлкөбүздүн аскердик коопсуздугун камсыздоо маселесинде үнөмдөө болбой турганын жакшы түшүнөбүз.

Кыргыз Республикасынын улуттук армиясынын түзүлгөн күнүнүн урматына Куралдуу күчтөрдүн бардык аскер кызматчыларын мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыздоодогу талыкпаган эмгеги, жогорку күжүрмөн даярдыгы, армияда укуктук жана аскердик тартипти чыңдоодогу кылган кызматтарына терең ыраазычылыгымды билдирем.

Анын ичинен жаштарды аскердик-атуулдук демде тарбиялоо боюнча ардагерлер уюмдарынын ишин баса белгилеп кетким келет. Жоокерлер, сержанттар жана жаш офицерлер сиздерди карап түздөнөт.

Урматтуу генералдар, офицерлер, жоокерлер жана ардактуу ардагерлер!

Мекенди коргоо – чыныгы жигиттин сыймыгы жана милдети! Биз сиздер менен сыймыктанабыз!

Жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун! Майрамыңыздар кут болсун!»

Пикир

Оставить комментарий