• 87
  • 90.43
  • 0.88

Президент Атамбаев Германиянын канцлери Меркелге «Курманжан Датка» орденин тапшырды

Президент 0


Бишкек, 18-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына иш сапарынын алкагында Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелге кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана КР менен ГФР ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө байланыштуу «Курманжан Датка» орденин тапшырды.

Жолугушууда кыргыз-германдык мамилелердин маанилүү маселелери, конкреттүү келишимдердин аткарылышы, соода-экономикалык, инвестициялык жана банк чөйрөлөрүндө кызматтыштыкты андан ары жандантуу, саясый диалогду бекемдөө перспективалары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык канцлерге «Курманжан Датка» ордени менен кошо өткөн жылы Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча фотоальбомду тапшырды. Өз кезегинде Ангела Меркель бул жогорку сыйлык үчүн ыраазылыгын айтып, өзүнүн Кыргыз Республикасына визитин жылуу сезим менен эскерерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий