Президент башкы прокурорлук кызматка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Анын айтымында, сунуш Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Максат Асаналиев учурда Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт.

Эскерте кетсек, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Пикир

Оставить комментарий