• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Президент Баткендеги "Алга кадам" ирригациялык долбооруна дагы 150 млн сом бөлдү

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев "Алга кадам" ирригациялык долбоорунун аткарылышынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы алгач үч тоннелдеги жүрүп жаткан казуу иштерин, ачык сугат каналдарынын курулуштарын көрүп чыкты.

Ошондой эле "Алга кадам" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугуп, ирригациялык өзгөчө маанилүү бул объектти ишке ашыруу үчүн президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекет тарабынан дагы 150 млн сом бөлүнгөнүн айтып, уникалдуу, келечектүү долбоорду үзгүлтүксүз улантуу үчүн ар тараптуу колдоолор болоорун белгиледи.

Аны менен катар курулушка жигердүү салым кошкон үч бургулоочуну сыйлады.

Белгилей кетсек, учурда элдин демилгеси менен башталган Ак-Суу дарыясындагы суудан Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Кара-Жантак участкасындагы 4200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу менен камсыздоо боюнча жаңы канал куруу долбоору ишке ашырылууда.

Магистралдык каналдын жалпы узундугу 29,805 км, анын ичинде 3 тоннел бар, тоннелдин жалпы узундугу 6535 метр. Долбоордун алкагында 25 гектар өнөр жай зонасы жана кубаттуулугу 15 млн м3 жана 3 млн м3 болгон эки суу сактагыч болот.

Долбоорго ылайык, жалпы суу пайдалануучулардын саны 7600 кожолук. Анын болжолдуу баасы 3 млрд сомду түзүүдө.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө объектте 720 млн сомдук жумуштар аткарылды. Анын 400 млн сому президенттин фондунан жана республикалык бюджеттен каржыланды. Элдин салымы 107,0 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий