• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Иманалиев билим берүү министри кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Президент кол койгон башка Жарлыкка ылайык, Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизовичке билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий