• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Бишкекте ачылган түнкү стационарга барды — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июлда, Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационарга барды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Аталган стационар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылат.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 9 күндүзгү стационардан тышкары борбор калаада жарандар зарыл болгон медициналык жардамды жана дарыгерлердин консультациясын ала турчу 2 түнкү стационар ачылып жатканын маалымдады.

Ал түнкү стационарлардын ишине чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин ичинен ыктыярчы-медиктер тартылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык персонал менен баарлашууда күнү-түнү бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүп жатышкан медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн чет өлкөлөрдөн келген мекендеш-медиктердин позициясын өзгөчө ыраазычылык менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий