Президент: Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз

Президент 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. "Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып.

Президент өз сөзүндө өлкөнүн улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз деди. Өлкө башчысы ошол эле учурда Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин баса белгиледи.

"Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды дагы койбойбуз. Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз.

Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз", - деди ал.

Садыр Жапаров тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүп жаткандыгын эске салды. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда.

"Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда.

Жалпы аскердик-саясий туруксуздук, согуш аракеттеринин очоктору, жер шарынын ар кайсы аймактарында улам бир жаңы куралдуу кагылыштардын келип чыгышы элестете алгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдүү ишмердиги Борбор Азия аймагындагы бардык мамлекеттер үчүн коркунуч булагы бойдон калууда. Мамлекеттер аралык мамилелер жана региондор аралык байланыштар системасында түзүлгөн карама-каршылыктар фонунда ал күч алып жатат.

Геосаясий кызыкчылыктардын кагылышы, дүйнөлүк алдыңкы державалардын жана аскердик-саясий блоктордун ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшү өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге доо кетирип, кризис жаратты, анын кесепети дүйнөлүк экономикага да таасирин тийгизүүдө.

Санкциялык саясаттан улам соодага жана башка нерселерге чектөөлөрдүн күчөшү дагы глобалдык деңгээлде карама-каршылыктардын курчушуна жана абалдын туруксуздашуусуна алып келе турган факторлордун бири болуп калды.

Өлкөлөрүбүздүн отун-энергетикалык импортко көз карандылык шарттарында аймактагы чуу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу региондогу туруктуулукка терс таасир тийгизүүчү факторлордун бири болуп калды", - деди президент.

Ал төмөндө белгилеп өткөн жана көптөгөн башка коркунучтар өлкөгө жыл сайын, ай сайын, керек болсо күн сайын чакырык таштап, Кыргызстандын бекемдигин текшерип жатат, деди.

"Бул көйгөйлөрдү чечүү жана мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн комплекстүү мамиле кылуу зарыл", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий